Казакстанда 8 жашар бала өз өмүрүн тобокелчиликке салып, сууга аккан классташ кызын куткарып, өзү чөгүп каза болду. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү маалымат булактары шаардык прокурордун берген маалыматына таяп жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, Костанай шаарында 8 жаштагы Игорь Коцкий аттуу балага 4-июлда эле издөө жарыяланган. Аны издөө үчүн жергиликтүү полиция кызматы жана бир катар ыктыярчылар тартылган.
Шаардык прокурор Мурат Успановдун айтымында, куткарылган кыз маркум өспүрүмдүн тобокелчилиги тууралуу дароо айтып берген эмес, себеби ал корккон.
"Балдар шар аккан дарыянын жээгине түшүп ойноп жатышкан. Бир маалда суунун агымы экөөнү тең агызып жөнөгөн. Кичинекей бала классташ кызын жээкке түртүп чыгарганда, ал талдын бутагын кармап аман калган. А Игорь болсо чөгүп кетиптир. Өспүрүмдү баатырларча курман болду десек болот", - деп билдирген Успанов.
Маалыматта белгилүү болгондой, баланын сөөгүн туура 1 аптадан кийин, 11-июлда Төбөл районундагы Корей көпүрөсүнүн жанындагы жээктен табышкан.