Түркиянын элчиси Метин Кылыч: "Чубак Жалилов менен Фетхуллах Гүлендин жолугушуусу бизди тынчсыздандырып, нааразы кылды"

Бүгүн, 14-июль күнү Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Метин Кылыч 2016-жылы 15-июлда болгон окуялар тууралуу маалымат жыйын өткөрдү. Ошондой эле ал дин аалымы Чубак Жалилов менен Фетхуллах Гүлендин жолугушуусу тууралуу буларды айтты.

"Чубак Жалиловдун Гүлен менен жолугушканы бизди тынчсыздандырып, нааразы кылды. 2016-жылдын 15-июлунан тарта Фетхуллах Гүлен менен бир дагы саясий жана коомдук ишмер жолуккан эмес", - деди Метин Кылыч.

Буга чейин интернетке Чубак Жалиловдун Фетхуллах Гүлен менен бирге түшкөн сүрөтү жарыяланган. Мурдагы муфтий SUPER.KG порталына берген маегинде Гүленди колдой турганын жана ага тагылып жаткан айыптарды саясий көз караш катары баалай турганын билдирген.

Айта кетсек, 2016-жылдын 15-июлунда Түркияда мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети болгон. Анда 250 адам каза болуп, 2000 киши жаракат алган. Түркия бул иштердин артында Фетхуллах Гүлен турат деп айыптап келишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
Piligrim
2017-07-14 13:29:15
Ушул Чубактын айынан эми кыргыздарды Турцияда кыйнашат, депортация ж.б нерселер менен. Балли, Чубак...
-34
Va.vasm
2017-07-14 13:35:28
Piligrim,Ырыскыны насип кылган жерден табабыз тууганым. Ал жактан айдаса, башка жерден жакшыраак болоор.
+25
Revolyutsiya2
2017-07-14 13:42:17
Va.vasm, Ангектен качкан донгокко деген кеп бар. Башка жакта да ошол эле оор турмуш...
-13
meni_kut
2017-07-14 13:50:58
Revolyutsiya2,москвада да орустар документ боюнча кысып атышат ким куноолуу буга
+12
Revolyutsiya2
2017-07-14 16:58:10
meni_kut, бийлик куноолуу элин тентитип коюп, кайра аларды тоноп отурган...

Жогорудагы комментте мен Чубак ажыны куноолуу деп жазбадым, мигранттар кайда барбасын Мамайдын кору деген мааниде жаздым, адатынча жумурткадан кыр издесен...
+1
fora
2017-07-14 13:44:04
Piligrim.Турктор менен мамилени Аша Бир жыл баштап эле бузуп койгон
+11
meni_kut
2017-07-14 13:49:41
Piligrim,Кыздарыбыз Туркияга ХХХ барып иштешет,депорт болсо бизге зыян
-6
Lekarstvosvoegomuja
2017-07-14 14:34:15
meni_kut, эмне эле Туркиядагы кыздарга асыласынар??? Иштегени иштеп атат иштебегени журот силерге не? Силердин бирдеменер кетип атабы? Же эмне бул жакта сага кыздар жонундо соз болуп атабы?
+5
ermak
2017-07-14 23:39:51
Piligrim,ырыскыны Аллах берет. Пенде кемите албайт. Кудай кемитпесин.
+3
RusMos76
2017-07-14 14:07:13
Саясатташпай эле койсо болмок ажыкебиз.
+14
stimyl.kg
2017-07-14 14:48:01
Дин аалымдарынын саясатка аралашпай эле койгону жакшыле арким оз тармагында иш алпарып. Жарандарыбыздын журум турумун,кийген кийимин сындап дин шартарына угуттоп,демократиялык козкарашты четке кагып келсе,Гулен менен жолугуп демократияны кубатаганы да кызык болду. Эми жооп берип корсун туркияга. Ортодо мекендештерибизге кыйын ар ким оз абалына жараша суйлоп актанат.
-5
Sultanim
2017-07-14 19:17:58
Бул жерде коооп соз бар...кыскасын айтканда ажыкебиз саясатташкан жок, болгону зулумга унчукпасан,зулум кылганын мн барабар хадисиндей,мусулмандык парзын аткарды.
+10
Jaloshtalnarisbatchui
2017-07-16 10:43:35
stimyl.kg,Фетхуллах Гулен аралашкан жок...ал айтып жатат:мусулман бардык кесипти жогорку денгээлде уйронсун,билсин деп...Эрдоган ,жанындагылар,еврейдин тукумунан болгон учун,чычалап жатышат...
+1
souza.j
2017-07-14 15:01:02
Ажы тонкоруш кылганы жатабы уйронуп алып
-19
Jaloshtalnarisbatchui
2017-07-16 10:46:42
souza.j,Тонкорушту Эрдоган озу жасаган,оппозицияны сындырыш учун...Туркиянын элчиси зордукчул го,ким каалаганын зыярат кылат да...Эрдоган Террористтерге курал жарак берип нефть алат
+1
Lekarstvosvoegomuja
2017-07-14 15:13:21
Ажы Гуленди колдой турганыга караганда Гулен ажыны жакшылап кулагына лапша илип койгон го биз ишееенчек калк келебиз Гулен ажыны жаным алтыным шекерим кучугум мышыгым деп жанын ээритип койсо керек. Бул менин оюм
-23
Revolyutsiya2
2017-07-14 16:59:16
Lekarstvosvoegomuja, )))))))
-5
Ysykataarashan
2017-07-14 15:47:12
Туптуура эле кылган. Аалымдар бири бирин көрүш үчүн президенттер тоскоолдук кылыш шартпы. Гулендин колун мен дагы кармаганга зармын. Ал саясат эмес. Ал дин.
+7
Kyrgyz_bloger
2017-07-14 16:37:25
Бизди Россия башкарганы аз келгенсип эми Туркия башкарабы,ким м.н жолугушууну ушулар чечеби.
+11
aydinnur
2017-07-14 17:00:12
Чубак ажыга Түркияга жол жабылды деген кеп бул,анча-мынча мекендештерибизге да зыяны тиет,Түркия бул Кыргызстан эмес көп нерсеге көз жуумуп койо турган..
-9
matilla
2017-07-14 17:05:31
Мусулман менен мусулман жолугуптур эмне экен. каапырлар эмне чуу көтөрөт ага.
+16
Aidani
2017-07-14 22:02:56
Чубак ажы биринчиликте кетип аткан да ошого ушинтип чыгышты го анда
0
muhsina
2017-07-15 00:05:49
Ушунун шылтоосунда ажыны да камагысы бардыр балким. Ажы деле президенттикке талапкерлин коюшу мүмкүн деген бийликче ойлонсок
+1
Nadirov
2017-07-15 01:53:46
Туркияны вообще жааб салыш керек,бул туктуулор эл болбойт..... Оскстун артынан шыбады,Армчнды кырды,Америка менен урушуп атат, Казахстан,Узбекистан менен суйлошбойт.Булардын колунан жакшылык келбейт.
0
D.Malikov
2017-07-15 22:12:36
Мекендештер! Адам билбегенинин душманы делет. Бироо жонундо маалыматыбыз жок болсо жазбай эле коелучу. Мусулман мусулманга бир тууган! Бироого ылай шыбаса жаман болуп кетпейт эгерде ал озу алтындай болсо. Бироону мактоо анын абройун которбойт эгерде ал жаман болсо. Жараткан Озу баарын жай жайына коет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан