Жаштар арасындагы дзюдо боюнча Азия чемпиондугунда медалдарды жеңген Кыргыз спортчулар (фоторепортаж)

Бишкекте өтүп жаткан жаштар арасындагы дзюдо боюнча Азия чемпиондугунун алгачкы күнү Кыргыз дзюдочулар 3 медаль багынтышты. Алар Нурислам Иличбек уулу, Кубанычбек Айбек уулу жана Хамид Сансанза болушту.

Маалым болгондой, Нурислам Иличбек уулу 66 килограммга чейинки салмак ченинде тажикстандык Разявлох Лойков менен финалда беттешип жеңилип калган. Нурислам Иличбек уулу Кыргыз өлкөсүнүн капчыгына күмүш медалды алып келди.

Кубанычбек Айбек уулу 50 килограммга чейинки салмак ченинде өзбекстандык Максуд Очиловду жеңип коло медалды тагынган. 60 килограммга чейинки салмак ченинде Хамид Сансанза казакстандык Нурзат Салымбаев менен күч сынашып, коло медалды жеңип алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан