Кыргыз дзюдочусу Адиль Мырзаев жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда алтын медаль үчүн күрөшөт

Бүгүн, 14-июль күнү Бишкек шаарында өтүп жаткан дзюдо боюнча Азия чемпиондугунун экинчи күнү Кыргыз өлкөсүнүн 7 спортчусу медалдар үчүн күрөшөт.

Маалыматка ылайык, Кыргыз дзюдочу Адиль Мырзаев 73 килограммга чейинки салмак ченинде финалдык беттеште казакстандык Нурбек Ортай менен алтын медаль үчүн күч сынашат. Буга чейин Адиль Мырзаев өзбекстандык, арабиялык жана гонконгтук атаандаштарын жеңип финалда күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк алган.

Маалымдай кетсек, дагы Кыргыз өлкөсүнөн 6 спортчу коло медаль үчүн күрөшөт. Алар Айгерим Избасканова, Бегимай Урустамова, Амантур Жумали уулу, Элиза Касеева, Умарбек Амиржанов жана Дастан Сарбатов.

Эске салсак, мелдештин алгачкы күнү Нурислам Иличбек уулу күмүш медалды багындырган, Кубанычбек Айбек уулу менен Хамид Сансанза коло медалдарын тагынышкан.

Финалдык беттештер башталды.

Финалдык беттештердин тизмеси:

57 килограммга чейинки салмак ченинде:

Мохадесех Хоссейни (Иран) — Айгерим Избасканова.

73 килограммга чейинки салмак ченинде:

Нурбек Ортай (Казахстан) — Адиль Мырзаев.

63 килограммга чейинки салмак ченинде:

Энхчимег Церендулам (Монголия) — Бегимай Урустамова.

81 килограммга чейинки салмак ченинде:

Амантур Жумали уулу — Музаффарбек Туробаев (Өзбекстан)

70 килограммга чейинки салмак ченинде:

Лхагвадулам Саранцецег (Монголия) — Элиза Касеева.

90 килограммга чейинки салмак ченинде:

Чингизхон Шокиров (Өзбекстан) — Умарбек Амиржанов.

90 килограммдан жогору салмак ченинде:

Али Амини Калакабади (Иран) — Дастан Сарбатов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
gordaya
2017-07-14 16:59:29
Манас атанын урпактары, кыргыздын желегин дагы бир желбиретип салгылачы!!!!!! Кудай колдосун!
0
gordaya
2017-07-14 17:01:40
Адиль Мырзаев утуптур! Молодец!!!!!!!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан