Бүгүн, 14-июлда Бишкекте "Ысык-Көл досторун чакырат" аттуу эл аралык этно-карнавал башталды. Индия, Орусия, Өзбекстан, Казакстан өлкөлөрүнөн жана Кыргыз мамлекетинин облустарынан келген окуучулар улуттук кийимдерин кийип, желектерин көтөрүшүп, шаар аралай басып жүрүш жасашты. Улуттар аралык ынтымакты бекемдөөнү максат кылган фестивалдын катышуучулары "Ала-Тоо" борбордук аянтынан "Жеңиш" аянтына чейин басып барышты. Андан соң эс алуучу жайлардын биринде бийлик өкүлдөрүнүн, элчилердин катышуусунда концерттик программа болуп, ар улуттун балдары өнөрлөрүн тартуулашты.
Уюштуруучулардын айтымында, этно-карнавал мындан ары Ысык-Көлдө уланып, ал жерде салтанаттуу иш-чара менен бирге илимий конференция өтөт.