Мамэкотехинспекциясы суюлтулган газды колдонууда тийиштүү эрежелерди сактоону талап кылат

Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциясы суюлтулган газ менен баллондорду толтурган ишканаларга баллондорду техникалык текшерүүдөн өткөрүүсүн милдеттендирет. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциясынын өндүрүштүк көзөмөл боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Таалай Айдаркулов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, газ толтурулган баллондорду 5 жыл сайын техникалык текшерүүдөн өткөрүш керек.

"Кафе жана тойканаларда суюлтулган газдын колдонуу жана коопсуздук эрежелери дайыма сакталбайт. Баллондорду толтуруу учурунда дагы бир нече эреже бузуулар катталат. Кырсыктын болушуна ушундай шалаакылыктар себеп болууда. Учурда Кыргыз өлкөсү боюнча жалгыз гана ишкана керектөөчүлөрдү коопсуздук эрежелерин сактап тейлейт. Ошондой эле суюлтулган газды жеткирген ишканалар баллондорду 5 жыл сайын техникалык сыноодон өткөрүүсү үчүн мыйзамга оңдоо киргизип жатабыз”, - деди Айдаркулов.

Мындан тышкары ал Панфилов атындагы борбордук сейил багындагы кафеде газ баллондордун жарылуусу болгонун эске салып, мындай кырсыктар көп кездешип жатканын белгиледи.

"Мисал катары айтып кетейин. Биз текшерип жүргөн учурда кафе ишкерлери эң төркү бөлмөгө газ толтурулган 5 баллонду киргизип, эшиктерин жаап коюптур. Газ баллонду сактоо эрежелери боюнча баллондор сыртка же болбосо шамал өтүп турган бөлмөлөргө туруш керек. Антпесе чылым чегип бара жаткан киши өрт чыгарышы мүмкүн же болбосо жарыкты күйгүзгөндө жарылуу пайда болот. Анткени баллондун башынан газ чыгышы ыктымал. Ошондой эле газы түгөнгөн баллондун ичинде 10-15 пайыз газ калып калат жана алардын сактоо эрежелерин аткарбаса кырсык орун алат”, - деп маалымдайт Таалай Айдаркулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан