SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сизди кайсы улуттун өкүлүнө окшоштурушат?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Кичинекей кезимде орустун куурчактарына окшоштурушчу, азыр жөн гана орустарга окшошсуң деп коюшат".
"Мени казактарга окшоштурушат (казактардан айырмабыз деле жок го), анан бир жолу буряттарга окшоштурганда, эмнегедир таң калгам".
"А мени япон, корейлерге окшоштурат дегендерге күлкүм келет. Кыргыздар 80 пайыз монголоид болгондон кийин япон, кытай, корейлерге өң-келбетинин баары окшошот. Же силер бир көрүп орус, поляк, серб же италиян, французду айырмалай аласыңарбы? Ал эми чындап эле кыргыздардын арасынан аз-маз бар европеоид же түрк, өзбек сымалдар, бирок аз санда".
"Көзүм жымшыйып, мурдум барбайып кимге окшошуп калганымды деле билбейм. Менин оюмча, чыныгы кыргыз мендей кара тору, акылдуу болуш керек деп ойлойм".
"Айылдыктардын көбүнүн көздөрү кичинекей болуп, кытайларга окшошуп кетет. Анткени аларда кан алмашуу аз, бири-биринин жакын туугандарын же жердештерин алып ошондой көзү кичинекейлер көп төрөлөт. Мен өзүм да ошондой жүлжүкмүн, андыктан мага жинденбегиле".
"Мамлекеттен сыртта жүргөндөрдү ар кимге окшоштура берет. Алардын арасында кыргыз деген калк бар экенин билбегендер да бар. Бирок адам өзүн өзү так билет да кимге окшошорун. Менин мүнөзүм, келбетим кыргыз деп анык айта алам".
"Баары эле орустарга окшоштура беришет. Атым да орустун кыздарыныкындай - Лидия".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.