Экс-мэр Кубанычбек Кулматовдун баласынын унаасы терезеси караңгылатылганы үчүн токтотулуп, айып жайга киргизилди

Бишкек шаарынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматовдун баласынын унаасы терезеси караңгылатылганы үчүн токтотулуп, айып жайга киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, бүгүн ИИМдин Патрулдук милиция башкы башкармалыгы жайкы сезонго байланыштуу Бишкек-Каракол унаа жолунда рейд өткөрүшкөн. Анын жүрүшүндө Токмок шаарын айланып өтүүчү жолдо терезелери караңгылатылган Тойота Камри үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Бирок айдоочу милицияга баш ийбей жолун улап кете берген. Артынан кууп барышкан Патрулдук милициянын кызматкерлери Кеминден араң токтотушкан.

"Унааны Бишкек шаарынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматовдун баласы Каныбек Кулматов башкарып бара жаткан. Ага административдик протокол түзүлүп, унаасы айып жайга киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Бул тууралуу ИИМдин Патрулдук милиция башкы башкармалыгына кайрылганыбызда, рейд жүрүп жатканын, анын алкагында жол эрежесин бузган бир канча айдоочу кармалганын билдиришти. Бирок Каныбек Кулматовдун унаасынын айып жайга киргизилгени боюнча айтышкан жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Tunerbei1812
2017-07-14 17:30:48
Адамды сузгон Исанын баласын эч нерсе кыла албаганда эми. Коп болсо 1000-2000 сом айып деп кое бересинер да.
+6
Revolyutsiya2
2017-07-14 17:36:56
Бийликтегилер оздору, алардын катын, бала-чака, ойноштору мыйзамды сыйлабаса, эл мыйзамга баш ийиш керекпи?!!

Мындай уулдары учун аталары жооп бериш керек, ээлеген кызматын тапшырып... Карапайым жаран ГАИшникке баш ийбесе, жетип барып тепкилеп киришсе керек эле, айтпаган созу калбай...
+3
mir777
2017-07-14 17:47:06
машина короз экен
+3
samash2442
2017-07-14 18:39:41
Кебетен мн акчасына ишенген адам болгондой кийин адам эле болда
0
gulperi.kg
2017-07-14 18:50:56
Мындай машиналар толтураго Эми Кулматовдун баласыныкын козунор кордубу
-1
almanbetperm
2017-07-14 19:38:03
Озунор алып барып бересинерго
0
Arlenchik
2017-07-14 21:10:51
Мунун эмнеси жанылык, Кулматовдун баласы болсо эмне экен мыйзам бузса мыйзамга баш ийип айыбын толош керек, министрди токтотуп айыбын тарттыргандайле жанылык кылышыптырго, атасы майкол сутколго келип алып мамлекеттин акчасын жеп атса анан кооп атышат да, атасы жаш катын алып баласы мыйзамга баш ийбей, айыпка тартууну ушундайлардан башташ керек.
+2
jbolotov
2017-07-15 00:23:15
Бирок штраф стоянкага киргизилгендиги жонундо айтышкан жок дейт. ПМ кызматкерлери жонокой элди кууп баргандай жетип барса керектуу жака чалып керектуу жака "посылать" этип койсо керекда. ПМдин айып закондору жонокой элге эле иштейтда.
0
Anikin83
2017-07-15 07:21:30
Атанын айлыгы 15000$ болгондон кийин айдай бер даже бир эки ГАИни капотуна жабыштырып ал!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан