Орусиянын Кыргыздагы консулдугу Бишкек-Ош жолунда белгисиз адам тарабынан зордукталган Орусия жаранына жардам көрсөттү. Бул тууралуу "РИА Новости" басылмасы Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин берген маалыматына таяп жазып чыкты.
Маалыматта белгилүү болгондой, жабырлануучу аял Бишкек-Ош унаа жолунда 4-июлда зордукталган. Ал Орусиянын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө кайрылып, бирок жардам ала алган эмес. Андан соң Ош шаарындагы Орусиянын генералдык консулдугу жардам берип, зордукталды делген аялдын өз мекенине кетүүсүнө көмөктөшкөн.
"Ага жактоочу берилгендиги маалым болду. Окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси боюнча иш козголуп, кылмышка шектүү колго түшкөн. Тергөө жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.