Мындан 104 жыл мурун, 1913-жылдын 14-июлунда АКШнын 38-президенти Жеральд Форд туулган. 1974-жылы АКШнын президенти Ричард Никсон "Уотергейт" чатагына байланыштуу кызматтан кетип, анын ордун ошол кезде вице-президент болуп турган Жеральд Форд ээлеген. Мындан улам ал Американын шайлоо аркылуу эмес бийликке келген жалгыз президенти болуп калган. 1976- жылы Форд президенттик шайлоого Республикалык партиянын талапкери катары катышкан, бирок демократ Жимми Картерге уттуруп койгон.