Суперфутбол: 1-орун үчүн КТРК жана "Билайн" командалары ат салышууда
Күйөрмандар көптөн күткөн учур. Кыргызстандагы эң көп нускалуу "Супер-Инфо" гезитинин "Суперфутбол-2013" мелдешинин финалы башталды. 18 команданын ичинен алдыга суурулуп чыккан "Билайн" жана КТРК командалары 1-орун үчүн беттеш өткөрүүдө. Азырынча эсеп 0:0, командалардын оюнга даярдыгы дээрлик бирдей. Жеңүүчү болгон команда баш байгеге сайылган тайды жетелеп кетмекчи. Эске сала кетсек, "Суперфутбол-2012" мелдешинде да ушул командалар 1-орун үчүн таймашып, "Билайн" командасы жеңүүчү болгон.