Индиянын түндүк-чыгыш тарабындагы жер көчкү менен суу ташкынынан каза болгондордун саны 85ке жетти. Чет элдик маалымат каражаттарында жазылгандай, учурда 2 миллиондой жашоочу башпаанексиз калды.
"Баарынан көп жабыркагандардын саны Ассам штатында, каза болгондордун 53ү ушул аймакта жашаган", - деп билдирген штаттын башкы министри Сарбананда Соновал.
2 жумага созулган жаан-чачындуу аба ырайы Брахмапутра дарыясынын ташкындоосуна жана жер көчкүнүн жүрүшүнө алып келген. Бул жаратылыш кырсыгынан кеминде 2,5 миң кыштак суу алдында калды. Муну менен катар Индияда байырлаган сыңар мүйүздүү носорогдор кармалган улуттук Казиранга паркын да суу каптап кеткен. Аталган парк 1985-жылдан бери ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесинде болгон.