Улуу француз революциясынын маалында эркиндикке шерденген калк Бастилия чебин бошоткон. Бастилия чеби монархиялык режимдин тиреги эсептелгендиктен, анын бошотулушу Францияда Бастилиянын алыныш күнү делип улуттук майрам деңгээлинде белгилене баштаган.
Бастилия чебинин бошотулушу адамзат тарыхындагы маанилүү окуялардын бири болуп, революциялык жол аркылуу саясий боштондукка жетүүнүн символу катары белгилүү.
400 жылдык тарыхы бар Бастилия сепили 1382-жылы курулган. Бул борбор менен мамилени бекемдөө максатын көздөгөн курулуш болгон. Бирок көп өтпөй бул сепил саясий туткундарды кармаган түрмөгө айланган. 1789-жылы Бастилия чеби революциялык жол менен бошотулган. Тарыхый маалыматтарда революция учурунда 7 саясий туткун бошотулганы айтылат.
14-июлга карата жылнаама.