Өзбекстандын президенти депутаттарды социалдык тармактардан баракча ачып колдонууга милдеттендирди

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Мажлистин депутаттарын социалдык тармактардан жеке баракча ачууга милдеттендирди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.

Президент мындай кадамдын негизинде депутаттардын жасап жаткан иштеринен эл кабардар болуп турат деген пикирде. Депутаттар социалдык тармактарда бир гана баракча ачып тим болбостон, ал жакка эмне иш кылып жаткандыгы, күн тартибинде эмне маселелер тууралуу сөз болду ачык айкын жазып туруусу шарт. Мирзийоев бул демилгенин олуттуу ишке ашышын камсыздоо үчүн маалыматтык технологияны жана коммуникацияны өнүктүрүү боюнча министрге тапшырма бергени жазылат маалыматта.

Президент депутаттарга бул милдетти артып жатып, Өзбекстандагы саясий партиялар берген убадаларын аткарбай жатышат деген пикирди айткан. Алардын иш аракеттерин эл өзү көзөмөлдөп, социалдык тармактар аркылуу суроо-талаптарына жооп алышы керек деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
aitowa11
2017-07-14 21:09:25
Жакшы экенго
+5
grace
2017-07-14 21:20:46
Бизге да киргизүү керек тезинен.
+9
Rifle_I
2017-07-15 11:58:41
grace, суроо узатып, үч тамгадан турган жооп алып калышыбыз толук ыктымал.
Бизде текебер болуу аябай модага айланган.
+1
Anucha
2017-07-15 13:11:56
Rifle_I,биздикилер селфиден чаттан бошобой,иш калып кетет
0
Dimonbek
2017-07-14 21:26:17
Бизде минтип депутаттарды президент милдеттендирсе, президентти "жеп" салышса керек
+8
Aidan88
2017-07-15 06:59:51
Tuura kylyptyr ,bizdin deputattargq da oshondoi kerek go .
+1
Rifle_I
2017-07-15 11:59:24
Биздин депутаттардын фейсбукта ж.б. соц.түйүндөрдө жеке баракчалары бар. Суроо берсеңер болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан