Өзбекстандын маалымат жана массалык коммуникация тармагындагы эксперттик комиссия өлкөгө алып кирүүгө, таратууга уруксат берилбеген чет элдик тасмалардын тизмесин бекитти.
Бул тууралуу аталган өлкөнүн интеллектуалдык мүлктөр боюнча агенттигинин расмий сайты жарыялады.
Учурда тыюу салынган тасмалардын саны 225ти түзөт. Эксперттердин чыгарган жыйынтыгы боюнча тизмеге кирген тасмалардын баары өспүрүмдөрдүн аң-сезимине терс таасир берүүчү, кыйноо, зордук зомбулук, теңсиздик, салттуу эмес сексуалдык мүнөздөгү тасмалар деп саналган.
Өзбекстандык эксперттер бул тасмалар жаштарды жеңил ойлуулукка, алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө, чылым чегүүгө, гомосексуалдуулукка чакырат деп кооптонот.
Маалыматтар боюнча, тизмеде "Секс, вечеринки и ложь", "Гордость и предубеждение и зомби", "Маленькая смерть", "2+2", "Девочки бикини на льду", "Очень страшное кино" сыяктуу тасмалар камтылган. Тизмеге бекитилген тасмалар 2001-жылдан кийин тартылып, сатууга чыгарылган.