Жаштар арасындагы дзюдо боюнча Азия чемпиондугунун экинчи күнүндө Кыргыз спортчулар 3 медаль багындырышты

Бүгүн, 14-июль күнү Бишкекте жаштар арасында өтүп жаткан Азия чемпиондугунун экинчи күнүндө Кыргыз спортчулары 1 алтын жана 2 коло медалды жеңип алышты.

Маалыматка ылайык, Кыргыз дзюдочу Адиль Мырзаев 73 килограммга чейинки салмак ченинде финалдык беттеште казакстандык Нурбек Ортай менен кез келген. Анда 7 мүнөттүк беттештин жыйынтыгында Мырзаев жеңүүчү аталып, алтын медалды тагынды.

Кыз-келиндер арасындагы 57 килограммга чейинки салмак ченинде коло медаль үчүн Айгерим Избасканова ирандык Мохадесех Хоссейнини менен күч сынашты. Анда беттештин негизги убакыты бүтүп, кошумча убакытта Айгерим Избасканова 1 упайга ээ болуп, ирандык балбанды жеңди.

90 килограммга чейинки салмак ченинде кыргыз балбан Умарбек Амиржанов өзбек балбаны Чингизхон Шокиров менен күрөшүп коло медалын жеңди.

Эске салсак, кечээ, 13-июль күнү Кыргыз өлкөсүнүн капчыгына 3 медаль бөктөрүлгөн. Анда Нурислам Иличбек уулу алтын медаль утса, Кубанычбек Айбек уулу жана Хамид Сансанза коло медалдарды жеңишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
grace
2017-07-14 21:16:57
Азаматтар, куттуктайбыз! Жеңишиңер жеңишке улансын!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан