Гонконгдон Пекинге бара жаткан жаш кыз смартфон жана кымбат-баалуу кол сааттарды аткезчилик жолу менен алып өтүү аракетин көргөн. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда чет элдик маалымат булактары жазууда.
Маалыматка ылайык, арыкчырай кыздын баскан-турганы көзгө жат көрүнгөндүктөн тартип сакчылары андан шек санап, сканерден өтүүнү суранышкан.
"Бул учурда кыз денесине 102 даана iPhone үлгүсүндөгү смартфон жана 15 даана кымбат-баалуу кол сааттарды таңып алганы аныкталган. Аткезчилик жол менен жүк алып өтүү аракетин жасаган бул кыз Кытайдын мыйзамы боюнча 3 жылга чейин эркинен ажыратылат", - деп жазылат маалыматта.