Сокулук районунда кара куурайды мыйзамсыз өстүрүп жүргөн жаран кармалды. Мындай маалыматты бүгүн, 15-июлда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Жыламыш айылынын 53 жаштагы О.С. аттуу жашоочусу жер тилкесине кара куурай өстүрүп, атайын сугарып жүргөн. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча алынган өсүмдүк кара куурай баңгизаты экендиги аныкталган. Жалпы салмагы 1 тонна 200 килограммды түзгөн. Азыркы убакта аталган кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана иликтөө иш-аракеттери жүргүзүлүүдө.