ЖЫЛНААМА, 15-ИЮЛЬ: 1 кылымдан ашуун убакыт мурун орус жазуучусу Антон Павлович Чехов каза болгон

Орус жазуучусу Антон Павлович Чехов Түштүк Германиянын Баденвейлер шаарына дарыланганы барып, кургак учук кеселинен жакшы боло албай 44 жашында каза болгон. Анын сөөгү Москванын Новодевичье көрүстөнүндө коюлган.

Антон Павлович Чехов 1860-жылы 29-январда Таганрог шаарында туулган. Чеховдордун үй-бүлөсү Москвага көчүп келип, 19 жаштагы Антон Москва университетинин медициналык факультетине тапшырган.
1880-жылы анын биринчи аңгемелери басылмаларда жарык көрүп, адабиятта жазмакерлик ишмердиги башталган. Медициналык окуу жайын аяктагандан кийин дарыгер болуп иштеп, чыгармачылыкты кошо улантып, ошол кездеги орус интеллигенциясынын катмарында тез эле оозго алынат. Ал дүйнөлүк жана орус адабиятынын алтын казынасына бир катар повесть, аңгемелерден башка "Иванов", "Алчалуу бак", "Үч эже-сиңди", "Ак чардак", "Ваня таеке" сыяктуу көптөгөн пьесаларды калтырган. Анын өмүрү жана чыгармачылыгы Кыргыз Республикасынын орто мектептеринде окутуу программасына киргизилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан