Борбор Азияда Кыргыз жана Казак өлкөлөрүнүн паспорттору мүмкүнчүлүктөрү боюнча күчтүү деп таанылды

«Passport Index» порталы виза мүмкүнчүлүктөрүнүн деңгээли боюнча өлкөлөрдүн тизмесин жарыялады. Маалыматта, Борбор Азиядагы Кыргыз жана Казак паспорттору эң күчтүү деп таанылганы айтылат. Паспорттордун күчү визасыз кире ала турган өлкөлөрдүн саны менен бааланган.

Казакстандын жарандары дүйнөдө 71 өлкөгө визасыз бара алат жана рейтинг боюнча казак паспорту 56-орунду ээлеген. Ал эми кыргыз паспортунун ээлери 68 өлкөгө визасыз мүмкүнчүлүк алып, рейтингде 68-орунда турат. Тажикстан 54 өлкө менен 71, Түркмөнстан 48 мамлекет менен макулдашып 77, Монголия 55 өлкө менен визасыз кирүүгө макулдашып, 70-орунга жетишкен.

«Passport Index» порталы өлкөлөрдүн рейтингинде алдыда Германия жана Сингапур турарын көрсөткөн. Аталган өлкөлөрдүн жарандарына дүйнөдө 158 өлкөдө визасыз режим каралган. Андан кийинки орундарда Швеция, Түштүк Корея, Дания, Улуу Британия, АКШ жана башка бир катар Европа өлкөлөрү турат.

Рейтингде акыркы орунда Афганистан 94-орун менен калган. Аталган өлкөнүн жарандарынын паспорту 22 мамлекетке гана визасыз кирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kechirmeni
2017-07-15 10:10:58
тузук тузук, Жакшы жанылык
+3
Dany
2017-07-15 10:49:21
Баары бир аз,
0
AsNasridinov
2017-07-15 11:57:33
кайсы олколорго визасыз кире алабыз? тизмесин да кошо чыгарса жакшы болок...
+4
futboler
2017-07-15 11:57:36
Туугандарга рекламалап жатасынарбы)))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан