Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров гомосексуалдар тууралуу пикирин билдирди. Мамлекет башчысы батыштын жалпыга маалымдоо каражаттарына берген интервьюсунда гомосексуалдарды "шайтандар", "адам эместер" деп атагандыгын чет элдик маалымат булактары жазууда.
Маалыматка ылайык, интервьюда журналист Чеченстандагы гомосексуалдардын укугу тууралуу суроо берип, өлкөдө аларды кордоп, өлүм жазасына тартуу тууралуу тараган билдирүүлөр жөнүндө пикирин сураган.
Кадыров: "Мунун баары кайдагы бир сандырак, Чеченстанда кумсалар таптакыр жок. Эгер бар болсо аларды бизден алыс, канды тазалаш үчүн Канадага алып кеткиле. Алар адам эмес, биз жөнүндө жаман сүйлөгөндүктөрү үчүн аларды каргыш урсун", - деген өз жообунда.
Айта кетсек, ушул жылдын апрель айынын башында Чеченстанда акыркы айлардын ичинде жүздөн ашык адам кумса деп шектелип кармалганы маалымат каражаттарында жарыяланган. Аларды жашыруун түрмөлөрдө кармашып, башка кумсалардын да аты-жөнүн айтып бергиле деп кыйноого алышкан. Кармалгандардын ичинен үчөө өлтүрүлгөндүгү жазылган. Бирок бул маалыматты Чеченстандын бийлиги жалган деп четке каккан.