Бишкекте "Супер-Инфо" гезитинин "Суперфутбол-2013" мелдеши аяктап, КТРК командасы чемпион болду. Айта кетсек, 1-орун үчүн КТРК жана "Билайн" командалары ат салышты. Оюнга бөлүнгөн негизги убакытта командалар 0:0 эсебинде оюнду жыйынтыкташты. Буга байланыштуу командалар пенальтилер сериясында жеңүүчүнү аныкташты. 11 метрден дарбазага топ тебүүнүн жыйынтыгында 3:1 эсебинде КТРК командасы жеңишти багындырып, баш байгеге сайылган тайды утуп кетти. Ал эми 2-орунду "Билайн" командасы, 3-орунду "SUPER.KG" командасы алды.