Тоң районунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 14-июль күнү саат 21:00 чамасында Тоң районунда болгон. Кырсыктын кесепетинен 1979-жылы туулган С.О. аттуу эркек адам ооруканага жетпей каза болгон. Ал эми 1968-жылы туулган Х.Х. аттуу жабырлануучу Тоң райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Азыркы тапта анын абалы туруктуу.