Кытайдын түндүк-чыгышындагы Цзилинь провинциясында катуу жамгыр жаап 8 адам набыт болуп, бир адамдын дайыны чыкпай жатат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, жуманын бейшемби, жума күндөрү аймакта катуу жамгыр жаап, жергиликтүү бийлик 120 миң жашоочуну коопсуз аймакка көчүрүүгө мажбур болгон. Жалпысынан алганда, аймакта жашаган 320 миң адам кооптуу аймакта калган.
Жамгыр Кытайдын түндүк-чыгышында 13-июнда башталып 2 күнгө созулган. Мындан 12 миңден ашык курулуштар кыйрап, 315 миң гектар айыл чарба жерлерин суу каптаган. Суу ташкыны 202 чакырым жолду жууп кеткени айтылат маалыматта.