ЭЛДИК КАБАР: Якутиянын Мирный шаарында кыргыздар жашаган жатакана толугу менен күйүп кетти

Кечээ, 14-июлда Якутиянын Мирный шаарындагы Комсомол көчөсүндө жайгашкан 40-үйдө кыргыз, тажик, өзбек жарандары жашаган жатакана толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу "Элдик кабарга" аталган шаардын жашоочусу билдирди.

"Кырсык биз жашаган үйдүн жанында жайгашкан 2 кабаттуу жатаканада орун алды. Ал жатаканада биздин 20дай Кыргыз жарандары жашачу. Кечки саат 17:30 чамасында өрт чыкты, жатакананын курулганына 2 жылдай эле болгон. Бактыга жараша, жабыркап, күйүк алган адамдар болгон жок. Өрт өчүрүүчүлөр келип иш алып барышты, ошол себептен дагы жакын жайгашкан үйлөр сакталып калды. Бирок жыгачтан салынган имарат толугу менен күйүп кетти.

Адамдар терезелерден секирип түшүп жатышты. Өрт кырсыгы болгон жерде "Тез жардам" кызматы күзөтүп турду. Эми учурда үй-жайсыз калган адамдар ар кайсы тааныш-билиштерине барып баш калкалашууда. Документтери, кийим-кече, керектүү оокаттарын алып чыгууга үлгүрбөй калышыптыр. Бул жактагы кыргыздар төшөнчү, кийим-кече чогултуп, колдон келишинче жардам берип жатабыз. Учурда жамгыр жаап жатат", - деп билдирди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Якутияда кыргыз, өзбек, тажиктер жашаган үй күйүп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Shaa-82
2017-07-15 13:46:41
Кайда барсан Мамайдын кору болуп, балекеттин баарыле байкуш кыргызга тийип ататго. Аллах ботон журтта жургон мекендештерибизди боодо кырсыктан озун сакта.
+9
baltabaev
2017-07-15 16:22:23
Чондордун касапатысы элге тийип жатат десек адашпасак керек,кылган иштеринин 90% арам болуп жатса
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан