Түркияда 7 миңден ашык мамлекеттик кызматкер жумуштан алынды

Эртең, 16-июлда Түркияда мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракеттери көрүлгөн күнгө бир жыл толот. Бул датанын алдында өлкөдөгү мамлекеттик 7348 кызматкер жумушунан алынды. Бул тууралуу Official Gazette мамлекеттик гезити кечээ, 14-июлда жарыялагандыгын чет элдик маалымат булактары жазууда.

Анда белгиленгендей, 2303 полиция кызматкери, 546 мекен сакчысы, университеттин 302 окутуучусу, министрликтердин 3000дей кызматкери жумуштан алынган.

Түркиядагы мамлекеттик төңкөрүштү жасоо аракети өткөн жылдын 16-июлунда болгон. Негизинен козголоң Стамбул жана Анкара шаарларында орун алып, кагылыштан 260тан ашык адам көз жумган. Козголоң басылгандан кийин Түркияда өзгөчө кырдаал жарыяланып, бийликти басып алуу аракетин көргөн делип 50дөн ашык адам камалса, козголоңду уюштурууга катыштыгы бар деп шектелип 150 миң адам ээлеген кызматынан бошотулган.

Түркия бийлиги төңкөрүштү уюштуруунун башында Режеп Тайип Эрдогандын каршылашы, дин кызматкери Фетхуллах Гүлендин тургандыгын жарыялаган. Ал эми Гүлен төңкөрүш жасоо аракеттерине эч кандай катыштыгы жок экенин билдирип, эгер анын күнөөсүн далилдешсе Түркияга кайтарын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jaloshtalnarisbatchui
2017-07-15 18:37:13
Эрдоган озу жасалма тонкоруш жасаган...
+5
gitaris93
2017-07-15 20:31:38
Jaloshtalnarisbatchui,сен каяктан билесин
-2
mir777
2017-07-16 09:12:56
gitaris93,бизге айткан
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан