Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы ээлеген кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Жылдыз Сманбаева ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Аталган маалыматта, Жылдыз Сманбаева кызматынан өз арызы менен кеткени, ага президент Алмазбек Атамбаевдин кол койгону айтылат.

Сманбаева бул кызматты 2016-жылдын сентябрь айынан бери аркалап келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан