Суперфутболдо "SELA" командасы "Мыкты дебют" наамы менен сыйланды
Бүгүн, 19-майда "Супер-Инфо" гезитинин "Суперфутбол-2013" мелдеши жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Белгилүү болгондой, быйылкы Суперфутболго бир катар жаңы командалар катышты. Алардын ичинен мыкты оюн көрсөткөн "SELA" командасы "Мыкты дебют" наамы менен сыйланды. Сыйлыкты "SELA" дүкөндөр тармагынын Кыргызстандагы өкүлү Канатбек Маматовго "Супер-Инфо" гезитинин негиздөөчүсү Кылычбек Султанов тапшырды. Айта кетсек, "SELA" дүкөндөр тармагы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Ишенимдүү өнөктөш" наамынын да ээси.