Москвадагы кымбат баалуу жеңил унаалар сатылган дүкөн уурулардын тоноосуна дуушар болду. Дүкөндөн уурулардын тобу 13 жеңил унааны уурдап айдап кетишкендиги тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазууда.
Анда белгиленгендей, уурулук 14-июлдан 15-июлга караган түнү болгон. Дүкөндүн улгайып калган күзөт кызматкери кылмыштуу топко каршылык көрсөтө алган эмес. Ал полицияга кабар бергенге чейин уурулар Мерседес-бенц үлгүсүндөгү 4, Инфинити QX 56 унаасынан экөөнү, Ауди А7 унаасынан экөөнү, BMW X6 жана BMW X5, Ауди А8, Тойота Ленд крузер жана Рендж-ровер үлгүсүндөгү унааларды айдап кетүүгө үлгүрүшкөн.
Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, келтирилген жалпы зыяндын суммасы 40 миллион рублду түзөт. Учурда кылмышкерлерди издөө иштери жүрүүдө.