Катуу жааган жамгырдан улам Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолу жабылды

Ош облусунун Алай районунда катуу жааган жамгырдан улам жол каттамы жабылды. Мындай маалыматты бүгүн, 15-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, саат 16:45тер чамасында катуу жаан жаап, натыйжада Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолунун 141-чакырымында 4 жеринен сел жүрүп, унаа жол жабылган.

Жол тазалоо иштерине атайын кубаттуу техникалар менен каттамды калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан