SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Темпераменттүү эркектерди сыртынан билүүгө болобу?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Эгерде маңдай чачы түшүп, таз боло баштаса - бул сексуалдык жактан абдан күчтүү эркек дегенди билдирет. Колдору, төштөрү түктүү болсо, точно темпераменттүү. Эгер ортон колунун манжасы жоон болсо анда алигиси да жоон болот. Калган сырларды купуя кат аркылуу белгилерин сүрөттөп, анан айтып берем. Мага ишене бергиле, мен "хиромантия" деген курсту окугам. Алакандан эле көрүп берем, азили жок".
"Темпераменттүүлүгүн билүү үчүн жок дегенде өбүшүп көрүш керек да, хи-хи".
"Балдардын темпераменттүүсүн карап туруп эле билип койсо болот. Дегеним өзүн алып жүрүүсү, пикир айтканы жана башка психологиялык жактары көп. Буга көп эле факторлор таасир этет. Ортончу манжанын жоон-ичкеси таасир этерин билбептирмин, бирок чачы эрте түшө баштаса, ал эми өзү түктүү болсо бул организмде тестостерондун (эркек гормону да деп коюшат) көптүгүн далилдейт".
"Кээде сыртынан өзүнчө эле "мачо" көрүнгөн эркек бала төшөккө келгенде "нөл" болуп чыга келиши мүмкүн. Шалпыйган бир "ботаник" болсо, тескерисинче, темпераменттүү болушу мүмкүн. Ошондуктан сыртынан бир көрүп билүүгө такыр мүмкүн эмес, достор".
"Менимче, сыртынан да билүү кыйын. Тиги жагы чоң болсо да кыйратып кумарга батыра албай тургандар бар. Анан толмоч келген балдардын алигиси көбүнчө кичине болот. Колунун манжалары жоон, узун, мурду бир аз маймылдардыкына окшош, бешенеси алыс болсо чын эле темпраменттүү болушат".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.