Бишкек-Ош трассасынын Төө-Ашуу аймагындагы тилкеси талкаланып, оор абалда. Жолду жамоого ылайыктап казып салышканы менен бир нече айдан бери жамалбай, жол жүрүүчүлөрдүн, айрыкча айдоочулардын чыдамын кетирүүдө.
Транспорт жана жолдор министрлиги трассанын аталган тилкесин оңдоо иштери убактылуу токтотулганын билдирди. Себеп - аба ырайы. Суусамыр өрөөнүндө тынбай жамгыр жаап, жер кыртышы кургабай жаткандыктан оңдоо иштери токтотулганы айтылды. Күн ачылса, жолду жамоо башталат. Министрлик айдоочуларды оңдоо ишинин узакка созулушун туура түшүнүүгө чакырды.
Мекеменин маалыматына таянсак, бүгүнкү күндө Бишкек-Ош трассасынын 132-138-чакырымына асфальт төшөлдү. 138-142-чакырымында эски асфальттын бузулган жерлерин жамоого ылайыктап казуу иштери жүрүүдө. 148-152-чакырымында эски асфальттын үстүнкү катмарын толугу менен сыйрып алуу иштери жасалып жатканы айтылат.