Эстрада ырчысы Дайыр Исмадияров 1986-жылдын 16-июль күнү Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Мырзаке айылында төрөлгөн. Ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда, Ысык-Көлдө эс алып, борборго кайтып келе жатканын билдирди.
"Туулган күнүмдү кечээ эле белгилеп баштаганбыз. Досторум менен Ысык-Көлдө эс алып, жакшы каалоо-тилектерин айтышты. Азыр кайра Бишкекке кайттык. Чыгармачылыктагы достор, шеринелештер менен бүгүн да туулган күн уланат", - дейт ырчы.
Ошондой эле Исмадияров жыл сайын туулган күнүндө алгачкылардан болуп апасы чалып куттуктай турганын, апасынын куттуктоосу туулган күнүндөгү мыкты маанайга өбөлгө болорун кошумчалады.
"Сүйөм сени”, “Студенттик күндөр”, "Ананай", "Кара көз" жана башка чыгармалары менен элге белгилүү болгон ырчы КАУнун психология факультетин аяктаган.
16-июлга карата жылнаама.