"Кыргызстан сулуусу-2013" Жибек Нукеева каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда белгилүү болду. Маалыматтарга таянсак, модель Жибек Нукеева бүгүн көз жумган.
Рак оорусуна чалдыккан "Кыргызстан сулуусу-2013" Жибек Нукеева өз үйүндө дарыланып жаткан.
Эскерте кетсек, 2015-жылы Жибек Нукеева 7 айлык кош бойлуу кезинде анын рак оорусуна чалдыкканы белгилүү болгон. Балага зыяны тийбеши үчүн дарыгерлер эрте төрөтүп алышкан. Ал Израиль жана Италиядагы ооруканаларга барып, текшерүүдөн өтүп келген. Бирок дарыгерлер операция жасоодон баш тартышканы белгилүү болгон эле.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Жибек Нукееванын көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.