"Ак шоола" балдар хору 2 эл аралык сынакта 1-орунду ээледи

"Ак шоола" балдар хору 2 эл аралык сынакта 1-орунду ээледи. Бул тууралуу SUPER.KG`ге "Ак шоола" балдар хорунун жетекчиси Гүлмира Эсенгулованын жолдошу композитор Турдубек Чокиев билдирди. Анын айтуусуна караганда, "Ак шоола" балдар хору Сочиде өткөн "Аква-Темп" сынагында 3 категория боюнча биринчиликти багындырып, ага чейин Абхазияда өткөн "Золотая Империя" сынагында да биринчиликке ээ болгон.

"Топ 1-июль күнү Абхазияда өтө турган сынакка катышуу үчүн учуп кетишкен. Ал жактан биринчиликти ээлешиптир. Сынак 2-июлдан 10-июлга чейин уланган. Ал жактан түз Сочи шаарына барып, 10-июлдан 18-июлга чейин өтө турган "Аква-Темп" сынагына катышышты. Сочидеги сынакта 3 категория боюнча биринчиликти ээлешиптир: 5 жаштан 8 жашка чейинки балдардан түзүлгөн кенже балдардын хор топторунун ортосунда, 9 жаштан 12 жашка чейинки балдардан түзүлгөн топтордун жана 12 жаштан 15 жашка чейинки балдардан турган топтор ортосунда", - дейт Турдубек Чокиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
adi.anara
2017-07-16 19:05:34
Иии жожолор, ийгилик баарына!
+1
grace
2017-07-16 19:30:10
Азаматтар, куттуктайбыз!
0
Han1
2017-07-16 21:32:45
Куттуктайм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан