Кыргыз муфтийи Түркиянын дин башкармалыгынын башчысы менен диний билимди жогорулатуу тууралуу сүйлөштү

Кыргыз мусулмандарынын муфтийи Максатбек Токтомушев баштаган расмий делегация Түркиянын Диний башкармалыгынын башчысы, профессор, доктор Мехмет Гормез менен жолугушуп, Бишкектеги борбордук мечиттин бүткөрүлүүсү, имамдардын диний билимин өркүндөтүү жана бөлүм башчылар менен диний кыргызча адабияттарды көбөйтүү, ажылык иштери, дин кызматкерлердин диний билимин жогорулатуу маселелеринин алкагында бир катар маанилүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

14-июлда Максатбек Токтомушев баштаган расмий делегация Түркия мамлекетинин Болу шаарында диний билим алуу менен Куран жаттоодо карылык окуусунда окуп жаткан Кыргыз студенттер менен жолугушуп, алардын окууларынан кабар алганы маалым болду.

"Болу шаарынын муфтийи Орхан Генч Куран жаттаган кыздардын ийгиликтерин айтып, окуу жаатындагы ишмердүүлүгүнөн кабар берди. Болу шаарында диний билим алуу менен Куран жаттоодо карылык окуусунда окуп жаткан Кыргыз студенттердин бири 7 айда Куранды толугу менен жаттап бүтүргөн", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле делегация мүчөлөрү Түркия мамлекетинин президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жума намазга катышып, учурашып кайтышканы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nuriyaeljan
2017-07-17 10:08:27
Болу кооз шаар канча бактылуу кундор оттуго артка кайтса ошол кундор
0
nurbek11
2017-07-18 00:24:42
nuriyaeljan кайсыл жылы окудун мен да болуда окудум.
0
nurbek11
2017-07-18 00:26:47
орхан генч биздин директорубуз эле мудур.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан