Жаш кызды жанына уктатып соода менен алектенген аял окуянын чоо-жайын айтып берди

Бишкек шаарындагы Аламүдүн базарында соода кылган аялдын жанында кичинекей кызы уктап жаткан сүрөт талкууга түшкөн. Аты-жөнүн атагысы келбеген сүрөттөгү сатуучунун SUPER.KG порталына билдиргени боюнча, уктап жаткан кыз анын сиңдиси.

“Өзүмдүн апам ошол базарда иштейт. Анын ордуна 1 саатка иштегенге баргам. Турмуш-шартым жакшы, апама жардам бергенге эле баргам. Өзүмдүн эмизген балам бар”, - деди ал.

Анын апасы социалдык тармактарга туура эмес маалымат тарап кеткенин айтууда.

Кечкисин ошол жакта соода менен алектенем. Ысык-Көлгө эс алганга кеткем. Улуу кызым "апа, жакшы эс алып келиңиз" деп кичүү кызымды алып калган. Интернетке ушундай сүрөттөр чыгып кетиптир, көпчүлүк туура эмес түшүнүп жатат. Кичинекей баласын кайненесине таштап, мага жардам берген. Куда, кудагыйларым билимдүү адамдар. Учурда кызым намыстанып, үй-бүлөсү бузулуп калабы деп коркуп жатат. Эртең үй-бүлөсү бузулса, эмне болот?” - деген суроо салды кыздардын апасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
adi.anara
2017-07-17 09:45:11
Кайынжурту тушунуктуу кишилер болсо эмнеге уй булоосу бузулсун. А эл деген элда боору оорду жаш келинге
+11
muhsina
2017-07-17 10:02:57
Окуянын чоо жайын билбей туруп, ар кандай жоромолдорду айтып талкуу кылганыбыз үчүн кечирим сурайм
+22
Truelensk
2017-07-17 10:07:01
Баары бир туура эмес лоолуго окшотуп кочого уктатып.
-26
nuriyaeljan
2017-07-17 10:11:26
Бала деген уктай берет да бизде эле эмес жетишкен Европада деле эжебизге окшоп тиричилигин откоргондор миндеп саналат тиригиликтин уяты жок уурулук сойкулук кылбай эле мээнет кылып жататго
+14
Shaa-82
2017-07-17 10:11:49
Адамдар кызыксынар ошого муктаж болуп калса жанына жаткырып койсо койгондур анын эмнеси жаман. Башкаларга окшоп кочого таштап же сатып ийген жери жокго. Таштай турган адамы жоктур. Уйго таштап кетсе дагы бир нерсенин устунон чыгат баяле. Башканарды билбедим мен туурале кабыл алдым. Эми ошого окшогон нерсени деле интернетке тараткан туура эмесго деп ойлойм. Ага окшогон кочодо уктап аткандар толтураго анда баарын тартып чыгарып ийгиле.
+16
nuriyaeljan
2017-07-17 10:11:50
Баласын карап бергиле сын айткандар уялсанар боорунар ооруса
+10
TIMON_BERKOWITZ
2017-07-17 10:53:49
Кечээ ал аялды жемелеп, эркегин каргыштап аткандар - бүгүн барып кечирим сурап келгиле. Билбей туруп ооз көптүргөндүн айынан "государство төлөп берет" депрессияда, Анжелика больницада... тилиңерде кобра бар негизи)
+7
Arsenal2
2017-07-17 11:42:06
Интернет деген балее болду.ар кандай кырдаал болот да анан билип билбей эле сындап киришет
+8
Revolyutsiya2
2017-07-17 12:18:38
"кайсы элден жудоо корсон зайыпты, ошол элдин эркенине кой айыпты" деп какшап катындарга Кудай берди эле, эркектерге асылышып...
-2
admin_superstan
2017-07-17 14:48:25
ZHYRGAl1412, Revolyutsiya2, жеке айтышууларга жол берилбейт. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан