Кеминде эркек киши көлмөгө чөгүп каза болду

Чүй облусунун Кемин районунда кечээ, 16-июлда саат 15:30 чамасында эркек адам көлмөгө чөгүп каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Орловка шаарынын эс алуу жайындагы көлмөгө 1980-жылы туулган К.Т. аттуу эркек адам чөгүп кеткен.

"Саат 18:40та маркумдун жансыз денеси табылып, туугандарына тапшырылып берилген. Аны издөөгө 7 куткаруучу тартылган", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан