Кечээ, 16-июлда кечке жуук Бишкек шаарындагы Жаш Гвардия бульвары менен Муратбек Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаңжалдан соң 2 адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык "Тез жардам" кызматынан маалымдашты.
Белгилүү болгондой, мушташтан жабыркаган жашы 35-40 чамалуу 2 эркек адам Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнө жеткирилген. Экөөнө тең баш мээси чайкалган деген диагноз коюлган.
Окуя боюнча милициядан учурда териштирүү иштери жүрүп жатканын, жакын арада толук маалымат берилерин кошумчалашты.
Эскерте кетсек, 16-июлда саат 19:00дөр чамасында Бишкек шаарындагы Жаш Гвардия бульвары менен Рыскулов көчөсүнүн кесилишинде бир топ кишинин катышуусунда мушташ чыккан. Күбөлөрдүн билдирүүсүнө караганда, мушташка эркек балдарга аралашып аялдар да катышып, жабырлануучуларды "Тез жардам" кызматы алып кеткен эле.