Кочкор районунда Нива үлгүсүндөгү унаа сууга кулап, 2 адам каза болду

Нарын облусунун Кочкор районунда Нива үлгүсүндөгү унаа сууга кулап, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 17-июлда кабарлады.

Кырсык кечээ, 16-июлда Сары-Булак айыл аймагынын Ак-Кыя айылындагы Кочкор-Арчалуу жолунун 55-чакырымында орун алган.

Нива үлгүсүндөгү унаа көпүрөдөн Кара-Кужур суусуна кулап кеткен. Унаанын ичинде 1 аял, 1 эркек киши болгон. Алардын аты-жөнү такталууда. Куткаруучулар экөөнүн жансыз денесин чыгарышып, Кочкор районунун "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Seryi-Kardinal
2017-07-17 10:06:09
kaap jaman boluptur!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан