14-июль күнү Бишкек шаарында жаштар арасындагы дзюдо боюнча Азия чемпиондугунда эки Кыргыз дзюдочу коло медаль тагынышты.
Маалыматка ылайык, 81 килограммга чейинки салмак категориясында коло медаль үчүн болгон беттеште Кыргыз спортчу Эрлан Шеров монголиялык Бат-Оргил Улзиибаяр менен кез келген. Анда Эрлан Шеров 1 мүнөт 7 секунддун ичинде монголиялык дзюдочуну жеңип, коло медалга ээ болду.
78 килограммдан өйдө салмак категорияда, дзюдочу Кристина Нежникова өзүнүн алгачкы беттешинде монголиялык Балжынам Норовсамбууну жеңип, жарым финалга өткөн. Анда Нежникова Кытайдын Тайбей шаарынан келген дзюдочу Линг Чангдан жеңилип калган. Бирок бул жыйынтык менен Кристина Нежникова коло медалга ээ боло алды.
Эске салсак, буга чейин Кыргыз спортчулары 1 алтын, 1 күмүш жана 4 коло медалга ээ болушкан.