Ысык-Көлдөгү Сары-Жаз суусуна кулаган Ниванын айдоочусу 6 күндөн бери табыла элек

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 11-июль күнү Сары-Жаз суусуна кулаган Нива үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, түнкү саат 00:30 чамасында Эңилчек-Эчкилиташ унаа жолунда бараткан Нива үлгүсүндөгү унаа Сары-Жаз суусуна кулап, натыйжада 1983-жылы туулган айдоочусу агып кеткен.

"11 куткаруучу, айыл тургундарынан 20 адам, “Хан-Теңири” жоопкерчилиги чектелген коомдон 8 адам, Экологиялык-техникалык инспекциядан 2 адам тартылган. Издөө иштери бүгүн, 17-июлда улантылат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан