Өзбекстанда дааратканага түшүп кеткен телефонду алууга аракеттенген 3 адам каза болду

Өзбекстандын Наманган облусунда 3 адам даараткананын жытына ууланып каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда өзбек басылмалары жазып чыгышты.

Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдагандай, Наманган облусунун тургуну уюлдук телефонун дааратканага түшүрүп алып, аны алып чыгуу үчүн 2 адамды жалдаган. Алар дааратканага түшүп андагы сасык жытка ууланышып, кайра сыртка чыга алышкан эмес. Үйдүн тургуну аларга көмөктөшүү иретинде дарыгер чакырган. Тилекке каршы, дарыгер да дааратканадагы адамдарды чыгаруу үчүн чуңкурга түшүп, кайра чыга албай калган.

“Жыйынтыгында дааратканага түшкөн 2 адам ошол жерден каза болгон. Ал эми дарыгер ооруканага бара жаткан жолдо көз жумган. Белгилүү болгондой, өлүмдүн себеби дем алуучу абада фекаль газы аралашкандыктан кычкылтек жетишсиз болгон”, - дейт ӨКМ.

Ошондой эле учурда бул тууралуу териштирүү иштери жүрүп жатканын кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
upol92
2017-07-17 11:14:46
1телефон учун. Чай ☕️ ичииин келип Деп чакыртып алып бечараларды. Ажал шылтоо экенда
+18
zhykyo
2017-07-17 11:14:48
Телефон телефон далайды жайлады го
+16
kechirmeni
2017-07-17 11:17:05
Жаман иш болуптур жакындарына сабыр берсин, 3 адамдын омурун алган кандай маркадагы сотка экен
+16
Pandora
2017-07-17 11:28:24
Тоа кылдым,,,,Куткаруучуларды чакырбайбы? Дарыгер сырттант куткаратда,ичинде эмес.Бриллиант оролгон телефонго дейм 3 адамдын омурун алган.Кайра алып чыкканда деле иштебесе керек эле же обройлуу адам болсо подзод кылыпда тушо берет [moderated]дер
+5
munira-tilen
2017-07-17 11:33:28
Анда туалетте деле уу бар екен да
+7
kechirmeni
2017-07-17 11:50:24
munira-tilen,Ал деле газ сыяктуу да. Бизде ажатканаларда вентиляционная трубалар жок. Салып атканда созсуз кошо коюп кетиш керек. Газ туалетте сакталбастан труба аркылуу чыгып кетет
+4
KIPCHAK-KALMAK
2017-07-17 12:21:05
туалеттин ичине тушкон адам суудан чоккондон да тез олот тушуп журбогуло
+3
ZHYRGAl1412
2017-07-17 13:25:40
Ажалы жеткен экенда телефон болгону себепчи
+2
isabek1977
2017-07-17 15:18:48
Дарыгерди эмес куткаруучуларды (мчс) чакырбайбы акмак.Олгондордун арты кайырлуу болсун
+2
TIMON_BERKOWITZ
2017-07-17 16:30:39
Өмүрүндө биринчи жолу айпон көрсөң да, туалетке аламды түшүргүдой айбан экенсиң. Аны кыргыздардан сураш керек болчу не кылабыз деп. Кыкеңдер узуун таяктын башына кетмен улап, жөжөсүн, акчасын, телпонун, тамекисин какашкасы менен кошо чыгарып, сатып да жүрөт.
А сак-ең телпон биринчи жолу көргөнсүп..
+4
Aitun
2017-07-17 17:04:33
Синдим телефону тушуп кеткенде узун таяктын учуна чомуч байлап алып алган. Эжем кызы менен уйдо жургондо памперсин ыргытып салган экен кудай жалгап ошол памперстин устуно тушуптур. Андан кийин дагы эки жыл колдонду окшойт ал телефонду)))) ошентбейби 3адамдын омурун албай бир буюмду деп билбей адамдын омуруно залака кетируу деген статья менен кетет да эми. Сакендер озу олгудой куу келишет кичине оозуну ачсан алдап кетет.
+1
Lakyas
2017-07-17 17:43:03
тан калсамбыы же кулсомбуу???
+1
Lakyas
2017-07-17 17:51:53
Билишимче булар кудуктан суу ичишет, кудуктары аз дегенде 7-8метрден кем эмес казылат. Кудукта Суу тугонуп,чыкпай калганда же божомолдонуп казылып жаткан жерден суу чыкпай калган учурда да ушул ыкманы колдонушат экееен. 2м терендикте болбосого булар деле билсе кереек.
0
Lakyas
2017-07-17 17:52:07
Мага 3 адамдын омурун алган бул окуяга Кандай чара корулот экени кызык болуп жататта.
+1
Aijana121197
2017-07-18 01:23:59
Менин деле бир эмес эки телефонуму тушургом, бирок алган эмеспиз, калган ичинде.
0
aman0296
2017-07-18 02:06:22
Aijana121197, туалетиниз бай экен
0
AykaMer
2017-07-18 02:20:10
Тообо кылдым,олум деген уруксат сурабай туруп жанынды алат турбайбы,. Кудай кырсыктардан сактасын бардык пенделерин...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан