Аида Салянова: "Күбөлөрдүн дээрлик баары менин мыйзам бузбаганымды айтып жатышат"

Бүгүн, 17-июлда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланууда.

Күбөлөрдүн тергөөдөгү көрсөтмөлөрү сот тарабынан окулду. Процесс бүгүн түштөн кийин уланат.

Салянова өзү буларды айтты:

"Жалпы 20дай күбө бар. Булардын алтоосу гана сотко келип көрсөтмө беришти. Калгандарынын тергөөдө берген көрсөтмөлөрү окулууда. Бүгүн онго жакын күбөнүн көрсөтмөсү окулду. Айыптоочулар күбөлөрдүн сотко келип "Салянова мыйзамсыз иш жасаган эмес" деп айтып беришине кызыкдар эмес. Бирок сот тарабынан окулган күбөлөрдүн көрсөтмөсүндө деле менин мыйзам бузбаганым белгиленип жатат. Жалгыз мурдагы юстиция министринин орун басары Жылдыз Мамбеталиеванын "Елисеев тууралуу Саляновага эскерткем" деген сөзүн карманып жатышат. Бирок ал эскерткен-эскертпеген күндө да менин аракетимде мыйзам бузуу болгон эмес".

Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
s.k.bakyt
2017-07-17 22:39:45
Елисеевдин ким экенин билип туруп, кылган ишинди мойнун менен тарт. Куноонду тастыктап жатса да мойнуна албаган кандай немесин? Ошол жерде сен баш болуп туруп, сен биринчи айтышын керек эле да узартпайбыз деп, туштон кийин ар нерсени шылтабай. Байкенди да камаш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан