Таиланддын Накхон Патхом шаарында 6-15-июль аралыгында өткөн химия боюнча эл аралык олимпиадада "Манас-Ата" Талас лицейинин окуучусу Саиддин Автандил 3-орунга ээ болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саиддин Автандил билдирди.
Маалыматка ылайык, интеллектуалдык мелдешке 76 өлкөдөн 200дөн ашык катышуучу болгон. Алардын ичинен Кыргыздын атынан барган окуучу коло медалга ээ болгон.
"Суроолор абдан оор болду, баарына туура жооп бергенге аракет кылдым. 9-класста окуп жүргөндө өлкөбүздөгү республикалык олимпиадада биринчи орунду алгам. Быйыл мектепти аяктап, "Ата-Тоо" университетинин медициналык факультетине тапшырдым", - дейт Саиддин Автандил.
Кошумчалай кетсек, Кадамжайдагы "Семетей" лицейинин 9-классынын окуучусу Баяман Базарбаев дагы коло медалга ээ болгон. Жалпы химия боюнча эл аралык олимпиадага Кыргыз мамлекетинен 4 катышуучу барган.