"Тамашоучу" Калыбек Турдубаев уулдуу болду

“Тамашоу” лигасынын SUPER.KG`нин кубогу үчүн өткөрүлгөн оюнунда “Мыкты оюнчу” аталып, Бали аралына эс алууга барып келген оюнчу Калыбек Турдубаев “ата” статусуна ээ болду. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-июлда SUPER.KG порталына маалымдады.

“14-июль, жума күнү саат 18:00дө 3,5 килограмм салмактагы тун уулум жарыкка келди. Алгачкы ирет ата болуп жаткандыктан азыркыга чейин толкунданып, башкача сезимдерге курчалып жүрөм. Балама ысым ыйгара элекпиз, бул милдет чоң атасынын моюнунда”, - дейт кубанган "тамашоучу".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
NUR-01
2017-07-17 13:56:31
Оо досум кут болсун уулунар
+2
altyn2015
2017-07-17 14:03:38
Бешик боонор бек болсун!
+2
monok2001
2017-07-17 14:34:49
Омуру мн берсин кудайым!!!
+3
Gulim_zamujem
2017-07-17 14:36:17
Омуру менен ден соолугу менен берген болсун жаратканым.
+3
Omurbek998
2017-07-17 15:10:04
Жанылыктар эмес эскиликтер болуп калдыго
-4
saint-Petersburg
2017-07-17 16:05:22
Жакшы жанылык экен эми Калыбектин кошунасынын ити канча кучук тууптур билип бергилечи
-4
Toktakunova22
2017-07-17 16:28:04
saint-Petersburg,эмне деп салгансыз,
Наристеге жон гана жакшылык тилесе болбойбу
+2
Fatimnazz
2017-07-17 23:48:46
Ыймандуу жигит болсун...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан