Жай ыргактагы ырларга басым жасаган ырчы жигит Сагыныч Нурланбек уулу чыгармачылыгына өзгөчөлүк киргизип “Жөжөлөрүм” аттуу ыр жаздырган. Жакында аталган ырга клип тарттырып, ага карата ар кандай сын-пикирлерди угуп жатканын айтып берди.
“Бул ыр азербайжан элинин жаш балдарга арналган “Жөжөлөрүм” ырынан улам келип чыккан. Тактап айтканда, ушул ырдын музыкасын алып, сөзүн кыргызча которуп, жаш балдарга арналган саптарын кыздарга арналган саптарга алмаштырып койгонбуз. Минтип ырдоомдун негизги максаты – пиар. Себеби жай ыргактагы ырларды аткарып жүрүп, учурда көпчүлүк бар-жок экенимди деле билбей калышты. Атымдын унутулуп калбашы үчүн элге ушул ырды тартуулоону туура көрдүм. Клибин өзгөчө кылып тартабыз деп 7 сценарий жазганбыз. Бирок белгилүү актёрлор көп суммадагы гонарар сурашкандыктан, клипти жөнөкөйлөтүп тарттык. Анда мен бир дүкөндүн ичинде эле кыздарга тийишип ырдай берем. Кызыгы бул ырды укканда көп бийчи кыздар клипке тартылуудан баш тартышты”, - дейт ырчы күлүп.
Ошондой эле ыр менен клипке карата айтылган терс сындарды угуп жатканын кошумчалады.
"Көбү "ушул да ырбы, жакшы ырды бузуптурсуң", "биротоло чип-чип дегенди кошуп койсоң болмок" деген сыяктуу пикирлерди айтышууда. Бирок мен бул ырды пиар үчүн ырдагандыктан жакшы да, жаман да сындарга даяр болчумун", - деди Сагыныч.
Аталган клипти бул жерден көрө аласыздар.