Бүгүн, 17-июлда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланууда.
Айыпталуучу Аида Салянованын жактоочулары сотто көрсөтмө берүү үчүн экс-министр Жылдыз Мамбеталиеваны чакыруу өтүнүчүн келтиришти. Мамлекеттик айыптоочулар өтүнүчтү четке кагууну, отурумду улантууну сунушташты. Сот күбө Мамбеталиева өлкөдө эместигин, аны кийин сураса болорун айтып, отурум улантыларын билдирди.
Мындан кийин Салянова: "Сиз күбө Мамбеталиеваны сотко чакыруу чечимин кабыл алгансыз. Бүгүн эмне үчүн баш тартып калдыңыз? Мамбеталиева сотко келерин айткан, аны бүгүн сурашыңыз керек. Эгерде чакырбай турган болсоңуз, анда түшүнүктүү. Баары чечилген, сизге чындык керек эмес", - деди.
Жылдыз Мамбеталиева убагында юстиция министринин орун басары, кийин юстиция министри болуп иштеген.
Сот кеңешүүчү бөлмөгө кетти.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.