Кочкор районундагы Х-XII кылымдарга таандык курулуштарды Кытайдан келген археологдор изилдеши мүмкүн

Кочкор районунун Кум-Дөбө айылындагы Х-XII кылымдарга таандык курулуштарды Кытайдан келген археологдор изилдеши мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда Кочкор районунун акиминин биринчи орун басары Нурлан Эшмуканбет уулу билдирди.

"Кум-Дөбө айылынын айыл өкмөтүнүн имаратынын жанында жана Көк-Таш тилкесинде табылган курулуштарды көргөнү Кытайдан археологдор келишти. Кайырбек Коңурбаев аттуу жергиликтүү тургун курулуштарга кызыгып, министрликтерге жана Илимдер академиясына кайрылып жатып, "Манас" университетинин студенттерин казуу иштерине тарткан. Эми быйыл жыйынтык чыгып, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин чакыруусу менен Кытайдан археологдор келишти. Алардын башчысы эртең, 18-июлда келет. Ошондо алар бул жерди казышабы же жокпу билинет. Бирок байкашыбызча, археологдор бул жерге кызыгып калышты", - дейт акимдин орун басары.

Мындан сырткары Кайырбек Коңурбаев Баласагын жана Суяб шаарлары дал ушул жерде жайгашканын божомолдоп жатканын кошумчалады.

Ошондой эле Кайырбек Коңурбаев өзүнүн социалдык баракчасына Кытай Эл Республикасынын Гансу провинциясынын Дуньхуан академиясынын профессору Чжан Сянтан, археологдор Су Баомин, Чен Ган Цюан, Го Цин Лин, Чжан Сяо Ган, Чжао Цзюнь келгенин жазып чыккан.

"Келген конокторду байыркы орто кылымдагы шаарлар аябай кызыктырды. Айыл өкмөттүн кеңсесинин жанындагы жана Көк-Таштагы уникалдуу курулуштар аябай кызыктырып, иштеп калууга көңүлдөнгөндөй болушту", - деген Коңурбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
grace
2017-07-17 18:02:15
Казышы казып эртеңки күнү кытайлар жер биздики дебесе... Ушул жердин казышы бизге ушунчалык эле керекпи...Кытайлар ар кайсы шылтак менен кирип алышып жерди булгашат. Жоготуш керек булардын.
0
KANAT85
2017-07-17 21:07:26
Кытайдан башка археологдор жокбу? Өзүбүздүн археологдор казышты билбейби)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан