"Асман алдында” тасмасы аркылуу белгилүү болгон жаш актёр Анвар Осмоналиев 28 жашка толду. Ал 1989-жылы 17-июлда Бишкек шаарында төрөлгөн. Кичинесинен актёрлук кесипке кызыккан Анвар учурда Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында эмгектенет. Ал бүгүнкү туулган күнүн өткөрүү алдында турганын SUPER.KG порталына маалымдады.
“Негизи туулган күнгө анчейин деле маани бербейм. Бирок быйылкы туулган күнүм 17.07.17 деген өзгөчө датага туш келиптир. Андыктан аябай майрамдабасам дагы тууган-урук, жоро-жолдошторду чогултуп, чакан кече уюштурсамбы деп ойлонуп жатам”, - дейт актёр.
17-июлдун жылнаамасы.